Мехмет Шимшек Оманда

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү темалары талкууланды.

2222109
Мехмет Шимшек Оманда

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, Биргелешкен экономикалык комиссиянын 12-жыйынынын алкагында Омандын борбор шаары Маскатка барды.

Мехмет Шимшек Оман султанынын атайын өкүлү Сейид Асад Аль-Саид, өнөр жай, соода жана инвестицияны шыктандыруу министри Кайс Мохаммед Муса Аль-Юсеф жана каржы министри Султан бин Салим бин Саид Аль Хабси менен жолугушту.

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү темалары талкууланды.

Жыйындардын алкагында эки өлкөнүн жеке сектор өкүлдөрүнүн катышуусунда Түркия-Оман тегерек үстөл жыйыны да өткөрүлөт. Бул иш-чарада инвестиция жана соода тармагындагы мүмкүнчүлүктөр жана биргелешкен долбоорлордун каралышы күтүлүүдө.

Министр Шимшек бүгүн кечинде жолугушууларын аяктап Түркияга кайтып келет.



Тектеш кабарлар