Соода министри Өмер Болат Иранда

Министр Болат, Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн Түркия-Иран биргелешкен экономикалык комиссиясынын 29-жыйынынан кийин билдирүү жасады.

2219774
Соода министри Өмер Болат Иранда

Соода министри Өмер Болат, Иран менен сооданы 30 миллиард долларлык максатка жеткирүү үчүн аракеттерди уланта тургандарын айтты.

Министр Болат, Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн Түркия-Иран биргелешкен экономикалык комиссиясынын 29-жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Министр Болат, өз ара сооданы арттыруу жана эки өлкөнүн президенттери белгилеген 30 миллиард долларлык максатка жетүү аракеттеринин улана турганын маалымдады.

Өмер Болат ошондой эле соода, транспорт жана энергетика тармактарында кызматташтыктын кубаттала турганын баса белгиледи.

Соода министри Болат Тегерандагы жолугушууларынын алкагында Ирандын президенти Масуд Пезешкян тарабынан да кабыл алынды.

Эки өлкөнүн ортосундагы орток бажы соодасын жеңилдетүү максатында чек ара бекеттерин жаңылай тургандарын билдирген Болат: «Иран менен дагы 2 чек ара бекетин ачууга аракет кылуудабыз»,- деди.

Болат Иран менен 2015-жылы кол коюлган жеңилдетилген соода келишимин да кайра жандандырууну жана туризм боюнча кеңири келишимди ишке ашырууну каалашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар