Түркиянын коргоо өнөр жайынын экспортунда рекорд
Ноябрь айында коргоо жана авиация өнөр жайынын экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 32,3 пайыздык өсүү менен 637,2 миллион доллар болду.
Түркиянын коргоо жана авиация өнөр жайынын өнүмдөрүнүн экспорту 11 айлык мезгилде 5 миллиард 761 миллион долларга өсүп рекорд койду.
Ноябрь айында коргоо жана авиация өнөр жайынын экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 32,3 пайыздык өсүү менен 637,2 миллион доллар болду.
Сектордун экспорту январь-ноябрь мезгилинде да 19 пайыздык өсүү менен 5 миллиард 761 миллион долларга жетип, 11 айлык мезгилдин рекордун жаңылады. Коргоо өнөр жайынын акыркы 12 айлык экспорту болсо 18,4 пайыздык өсүү менен 6 миллиард 479 миллион долларга жетти.
Коргоо өнөр жайынын башчысы проф. др. Халук Гөргүн коргоо өнөр жайы тармагынын барган сайын күчтөнгөнүн айтты.
Тектеш кабарлар
Стамбул каржы борборунун кызматташтыгы
Финансы секторунун жүрөгү «Стамбул каржы борбору» жаңы кызматташтыктар менен дагы да өсүп жатат.
Түркиянын мисте экспорту
2024-жылы экспорт мурунку жылга салыштырмалуу 52 пайызга өсүп 229 миллион 777 миң долларды түздү.