Түркиянын экономикасы 2,1 пайызга өстү

Түркиянын статистика мекемеси, ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2215226
Түркиянын экономикасы 2,1 пайызга өстү

Түрк экономикасы 17 чейректен бери тынымсыз өсүүдө.

Түркиянын статистика мекемеси, ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Жылдын үчүнчү чейрегинде экономика 2,1 пайызга өстү.

Курулуш тармагындагы өсүш 9,2 пайыз болду. Андан кийин финансы-камсыздандыруу ишмердүүлүгү жана айыл чарба сектору орун алды.

Үй-бүлөөлөрдүн акыркы керектөө сарптоолору да 3,1 пайызга өстү. Бул мезгилде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун өсүшү 0,8 пайызды түздү. 



Тектеш кабарлар