Түркиянын экспорту октябрь айында өстү

Түркиянын статистика мекемеси (ТУИК) октябрь айына карата тышкы сооданын болжолдуу маалыматтарын жарыялады.

2214807
Түркиянын экспорту октябрь айында өстү

Түркиянын экспорту октябрь айында 23,5 миллиард доллар болду.

Түркиянын статистика мекемеси (ТУИК) октябрь айына карата тышкы сооданын болжолдуу маалыматтарын жарыялады.

Буга ылайык экспорт кирешеси октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 3,1 пайызга өсүп 23 миллиард 500 миллион долларга жетти.

Экспортто кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 93,3 пайызды, айыл чарба, токой чарба жана балыкчылык секторунун үлүшү 3,6 пайызды, тоо-кен жана карьер тармагынын үлүшү 2,5 пайызды түздү.

Октябрь айында өлкөлөр арасындагы экспортто биринчи орунду 1 миллиард 795 миллион доллар менен Германия ээледи. Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 562 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 1 миллиард 294 миллион доллар менен Улуу Британия, 1 миллиард 236 миллион доллар менен Ирак, 1 миллиард 159 миллион доллар менен Италия турат. Алдыңкы 5 өлкөгө жасалган экспорт жалпы экспорттун 30 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар