Министр Болат Палестинага колдоо билдирүүсүн бөлүштү
Болат кечээ Соода министрлигинин колдоосу менен Стамбулда өткөрүлгөн Халал ЭКСПОдо Палестинаны өнөктөш өлкө катары кабыл алып Палестинага карата колдоону дагы бир жолу жаңылагандарын айтты.
Соода министри Өмер Болат Түркиянын, Израилдин геноцидчи саясаттарына каршы Палестинага саясий, экономикалык жана коммерциялык колдоосун күчтөндүрүүнү уланта турганын айтты.
Министр Болат социалдык медиа баракчасынан Палестинага колдоо билдирүүсүн бөлүштү.
Болат билдирүүсүндө: «Израилдин геноцидчи саясаттарына каршы Газа жана Палестинанын жанында болгон Түркия Палестинага саясий, экономикалык жана коммерциялык колдоосун күчтөндүрүүнү улантат. Израилдин баскынчылыгына каршы президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде эл аралык платформаларда палестиналык боордошторубуздун үнү болгон Түркия, Израиль менен бардык соода иштерин токтотуп, Палестинанын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Палестинага жеңилдиктерди берип жатат»,-деди.
Болат кечээ Соода министрлигинин колдоосу менен Стамбулда өткөрүлгөн Халал ЭКСПОдо Палестинаны өнөктөш өлкө катары кабыл алып Палестинага карата колдоону дагы бир жолу жаңылагандарын айтты.