Суу азыктарынын экспорту
Сафет Калёнжу январь-октябрь айларында Кара деңизден 31 өлкөгө 49 миң 811 тонна суу продукциясы сатылганын айтты.
Кара деңизден жылдын 10 айында суу продукцияларынын экспортунан түшкөн киреше өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга өстү.
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу январь-октябрь айларында Кара деңизден 31 өлкөгө 49 миң 811 тонна суу продукциясы сатылганын айтты.
Экспорттон 313 миллион 952 миң 250 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Калёнжу, экспорт көлөмүнүн 39 миң 245 тоннадан 257 миллион 714 миң 841 долларлык киреше алынган өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 27 пайызга, нарк жагынан 22 пайызга өскөнүн баса белгиледи.
Калёнжу эң көп экспорттун 150 миллион 897 миң 293 доллар менен Орусия Федерациясына жасалганын, андан кийин 32 миллион 160 миң 168 доллар менен Нидерландия жана 26 миллион 610 миң 369 доллар менен Улуу Британиянын орун алганын айтты.