Болат: "Түркия ишенимдүү соода базасы"
Министр Болат Стамбулда Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер коому (MÜSİAD) тарабынан уюштурулган 28-Эл аралык бизнес форумуна катышты.
![Болат: "Түркия ишенимдүү соода базасы"](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c226/6df6/b53a/67445678e2a23.jpg?time=1736821067)
Соода министри Өмер Болат Түркиянын чет элдик инвестициялар үчүн инвестиция жана ишенимдүү соода базасы болуп калганын билдирди.
Министр Болат Стамбулда Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер коому (MÜSİAD) тарабынан уюштурулган 28-Эл аралык бизнес форумуна катышты.
Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, Орусия-Украина согушу жана аймактардагы башка чыңалуулардын азыркы учурда дүйнөлүк экономика жана соода жөнүндө өтө оптимисттик маанайда болууга тоскоол болгонун баса белгилеген министр Болат: «Түркияны караганыбызда акыркы 22 жылдын ичинде жылдык 5,4 пайыз сыяктуу жогорку өсүштү камсыз кылдык. 22 жыл мурун 230 миллиард долларлык экономика болсок, азыр 1,2 триллион долларлык экономикага жеткенибизге сыймыктанабыз»,-деди.
Катышуучуларга товар жана кызмат экспортунун көбөйүшү, тышкы сооданын азайышы жана күндөлүк баланстын таңсыктыгы тууралуу маалымат берген Болат, Түркиянын буга саясий ырааттуулукту сактоо, экономикалык реформалар, инфраструктура, суперструктура, транспорт, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коргонуу тармактарына инвестиция салуу жана талыкпай иштөө менен жетишкенин айтты.
Түркиянын геосаясий артыкчылыктарына көңүл бурган министр Болат, Түркиянын чет элдик инвестициялар үчүн инвестиция жана ишенимдүү соода базасы болуп калганын билдирди.
Тектеш кабарлар
![Стамбул каржы борборунун кызматташтыгы](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/92e5/c28d/0cc0/6784e583579dc.jpg?time=1736821067)
Стамбул каржы борборунун кызматташтыгы
Финансы секторунун жүрөгү «Стамбул каржы борбору» жаңы кызматташтыктар менен дагы да өсүп жатат.
![Түркиянын мисте экспорту](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8b3e/f6b2/74e5/6784c1456b9fa.jpg?time=1736821067)
Түркиянын мисте экспорту
2024-жылы экспорт мурунку жылга салыштырмалуу 52 пайызга өсүп 229 миллион 777 миң долларды түздү.