Түркияга келген туристтердин саны

Чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,03 пайызга өстү.

2212800
Түркияга келген туристтердин саны

Түркияны жылдын 10 айында 54 миллион 629 миң 687 киши кыдырды.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда, чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,03 пайызга өстү.

Жылдын алгачкы 10 айында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,05 пайыздык өсүү жана 6 миллион 249 миң 998 киши менен Орусия Федерациясы биринчи орунду, 6,43 пайыздык өсүү жана 6 миллион 83 миң 421 киши менен Германия экинчи орунду, 16,98 пайыздык өсүү жана 4 миллион 209 миң 967 киши менен Англия үчүнчү орунду ээледи. Англиядан кийин Иран жана Болгария бар.

Түркияга октябрь айында келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 9,25 пайызга өсүп 5 миллион 448 миң 459га жетти.

Октябрь айында Түркия эң көп турист кабыл алган өлкөлөрдүн тизмесинде болсо өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 7,59 пайыздык өсүү жана 925 миң 928 киши менен Германия биринчи, 15,53 пайыздык өсүү жана 776 миң 618 киши менен Орусия Федерациясы экинчи орунду, 20,19 пайыздык өсүү жана 530 миң 586 киши менен Улуу Британия үчүнчү орунду ээледи. Британиядан кийин Иран жана Болгария турат. 



Тектеш кабарлар