Түрк чайынын экспорту
Жылдын биринчи 10 айында түрк чайынын экспортунан түшкөн киреше 19,8 миллион доллардан ашты.
Жылдын биринчи 10 айында түрк чайынын экспортунан түшкөн киреше 19,8 миллион доллардан ашты.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары жана Чай сектору комитетинин төрагасы Шабан Тургут январь - октябрь айларында Түркиядан 118 өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга чай экспорттолгондугун айтты.
Аталган мезгилде 4 миң 9 тонна чай экспортунан 19 миллион 811 миң 467 доллар киреше түшкөнүн баса белгилеген Тургут, эң көп экспорттун 6 миллион 572 миң 863 доллар менен Бельгияга жасалганын айтты.
Тургут Бельгиядан кийин 3 миллион 165 миң 784 доллар менен Британия жана 1 миллион 516 миң 850 доллар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын келгендигин белгиледи.
Чай экспортунда өлкөлөрдүн түрдүүлүгүнүн артканына көңүлдөрдү бурган Тургут :«Өлкөбүздөн Дубай, Гвинея - Бисау, Мавритания, Экватордук Гвинея, Тунис, Куба, Египет, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Намибия, Сан-Томе жана Принсипе,Буркина-Фасо, Жибути,Колумбия, Камбоджа жана Словенияга чай да сатылды»",- деди.
Тектеш кабарлар
Электр унаа соодасы рекорд койду
Өткөн жылы 2023-жылга салыштырмалуу электр унаа соодасы дүйнө жүзү боюнча 25 пайызга өстү.