Министр Шимшек Пекинде жолугушууларды өткөрүүдө
Министр Шимшек эки өлкөнүн ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги кеңешүү механизми болгон Түркия-Кытай өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин жыйынына катышты.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Кытайдын борбор шаары Пекинде жолугушууларды өткөрүүдө.
Министр Шимшек эки өлкөнүн ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги кеңешүү механизми болгон Түркия-Кытай өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин жыйынына катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн министр Шимшек: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин орток түшүнүгүнө жана көз карашына ылайык, эки тараптуу мамилелерибизди өз ара урматтоо жана элдерибиздин жалпы кызыкчылыктарын эске алуу менен бардык тармакта чечкиндүү түрдө алга жылдырып жатабыз. Үчүнчү ири соода өнөктөшүбүз Кытай менен соодабызды бекемдеп туруктуу жана тең салмактуу түзүмгө жетишүүнү каалайбы»,-деди.
Жолугушууларынын алкагында вице-премьер Чжан Гуокин менен жолуккан министр Шимшек: «Эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияны көбөйтүү, инфраструктуралык инвестицияларды каржылоо, энергетика, туризм, жарандык авиация жана айыл чарба тармактарында кызматташуубузду күчтөндүрүү чечимине келдик. Ошондой эле Борбордук коридор менен «Бир алкак, бир жол» демилгесин шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Азиядагы эң ири соода өнөктөшүбүз Кытай менен экономикалык карым-катнашыбызды өркүндөтүп, соодада тең салмактуу түзүмгө жетишүүнү максат кылабыз»,- деп айтты.
Кытайдын премьер-министринин орун басары Чжан Гоцин да: «Түркия менен Кытай эл аралык көп тараптуу платформаларда тыгыз координацияны улантып, глобалдык теңчилик менен адилеттикти бирге жактап жатышат»,-деди.
Министр Шимшек Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Пекиндеги башкы кеңсесине да барып, банктын төрагасы Цзинь Лицюнь менен жолугушту.
Тектеш кабарлар
Түркия өндүрүлгөн кендердин ар түрдүүлүгү жагынан дүйнөдө 7-орунда
Министр Байрактар Стамбулда өткөрүлгөн Түркия тоо-кен саммитинде сөз сүйлөдү.
Түркия тышкы соодада өсүүнү улантууда
Январь-ноябрь айларында экспорт 2,5 пайызга өсүп 238 миллиард 486 миллион долларга жетти.