Togg электромобилдер рыногунда лидерлигин улантууда

Ушундайча сатылган ар бир үч электромобилдин биринде Togg логотиби бар.

2207212
Togg электромобилдер рыногунда лидерлигин улантууда

Ата мекендик жана улуттук унаа Togg Түркиянын электромобиль рыногунда жылдын алгачкы 10 айында лидерлигин сактап калды.

Автомобилдик дистрибьюторлор жана мобилдүүлүк ассоциациясынын (ODMD) маалыматына караганда, Togg алгачкы 10 айлык мезгилде 20 миң 140 даана сатуу менен эң жакын атаандашынан 12 миң 773 даанага оозуп чыкты.

Бул мезгилде Toggдун электр унаа рыногундагы үлүшү 31 пайызды түздү.

Ушундайча сатылган ар бир үч электромобилдин биринде Togg логотиби бар.

Электр унаа базарын бренд негизинде караганыбызда январь-октябрь айларында Toggдон кийин 7 миң 367 даана менен Тесла жана 6 миң 576 даана менен BMW орун алды.

Октябрда болсо 8 миң 341 даана толук электрдик унаа рыногунда 3 миң 91 сатуу менен Togg биринчи, BMW 557 сатуу менен экинчи, Mini жана KG Mobility (Ssangyong) 425 сатуу менен үчүнчү орунду ээледи.

Тесла 340 сатуу менен төртүнчү орунда турса, Hyundai IONIQ 5302 сатуу менен бешинчи орунду алды.



Тектеш кабарлар