Түркиянын зер буюмдарынын экспорт кирешеси өстү
Январь-октябрь айларында зергерчилик өнөр жайынын экспортунун жалпы экспорттогу үлүшү 2,8 пайызды түздү.
Түркиянын 10 айлык зер буюмдарынын экспорт кирешеси 6 миллиард доллардан ашты.
Түркиянын зер буюмдарынын экспорт кирешеси январь-октябрь мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,8 пайызга өсүп 6 миллиард 149 миллион 148 миң долларга жетти.
Январь-октябрь айларында зергерчилик өнөр жайынын экспортунун жалпы экспорттогу үлүшү 2,8 пайызды түздү.
Зергерчилик тармагында эң көп экспорт 2,1 миллиард доллар менен Бириккен Араб Эмираттарына жасалса, бул өлкөдөн кийин 577,6 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 458,7 миллион доллар менен Гонконг, 420,3 миллион доллар менен Ирак, 256,1 миллион доллар менен Мексика турат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.