Түркиянын унаа экспортунда жаңы рекорд
Автоунаа өнөр жайында эң көп экспорт 4 миллиард доллар менен Германияга жасалды.
Түркиянын унаа экспортунда 10 айлык рекорд коюлду.
Түркиянын унаа экспорту 2024-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,5 пайызга өсүп 30 миллиард 511 миллион 79 миң долларды түздү.
Октябрь айында да сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16,4 пайызга өсүп 3 миллиард 581 миллион 928 миң долларга жетти.
Унаа өнөр жайы ушундайча январь-октябрь айларында биринчи жолу 30 миллиард доллардан ашык сатуу менен экспорт рекордун жаңылады.
Сектор өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 28 миллиард 652 миллион 177 миң долларлык экспортко жетишкен.
Январь-октябрь мезгилинде унаа өнөр жайынын экспортунун жалпы экспорттогу үлүшү да 14,1 пайыз болуп эсептелди.
Автоунаа өнөр жайында эң көп экспорт 4 миллиард доллар менен Германияга жасалса, бул өлкөдөн кийин 3,5 миллиард доллар менен Улуу Британия, 3,4 миллиард доллар менен Франция, 2,7 миллиард доллар менен Италия жана 2 миллиард доллар менен Испания турат.