Министр Болат кесиптештери менен жолугушту

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана Соода Кызматташтыгы боюнча Туруктуу комитетинин (COMCEC) 40-министрлер жыйыны болду.

2206042
Министр Болат кесиптештери менен жолугушту

Соода министри Өмер Болат Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана Соода Кызматташтыгы боюнча Туруктуу комитетинин (COMCEC) 40-министрлер жыйынына катышуу үчүн кечээ Стамбулга келген Гамбия, Палестина, Камерун жана Сауд Арабиялык кесиптештери менен жолугушту.

Алгач Гамбиянын соода, өнөр жай, аймактык интеграция жана иш менен камсыз кылуу министри Бабаоукар Усмаила Жуф менен жолугушкан Болат, андан кийин Түркия-Гамбия тегерек стол жыйынына катышты.

Түркиянын Африка саясатында маанилүү позицияга ээ болгон Гамбия менен эки тараптуу соода көлөмүнүн бекемделиши максатталган жыйында; инфраструктура жана электр энергиясын өндүрүү баш болгон жаңылануучу энергия булактары, өнөр жай аймактары, эркин аймактар, бажы жана ички транспорт сыяктуу тармактарда кызматташтыкты арттыруу, Түркиянын тажрыйбаларын бөлүшүү сыяктуу темалар каралды.

Министр Болат андан кийин Палестинанын улуттук экономика министри Мухаммед аль-Амур жана анын делегациясы менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

Ушул алкакта Израилдин Газа жана Палестинанын башка аймактарында уланып жаткан кол салууларынын дароо токтотулушу керектигин баса белгилеген министр Болат, Палестинага муктаж болгон продукцияларды камсыз кылуу үчүн май айында түзүлгөн биргелешкен механизмди дагы да күчтөндүрүү темаларын сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Ар дайым Палестинанын жанында болууну уланта тургандарын айткан Болат: «Палестинадагы бардык оккупацияны токтотуу жана көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө колдообузду улантабыз»,-деди.

Соода министри Болат жыйындын алкагында Камерундун аймактык башкаруу министри Пол Атанга Нжи жана анын делегациясы менен да жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода көлөмүн көбөйтүү жана кызматташуу багыттарын түрдөнтүү боюнча пикир алмашылды.

Министр Болат андан соң Сауд Арабиянын соода министри Мажид ел-Касаби жана делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Болат, Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы тышкы соода көлөмүндө максаттын кыска мөөнөттө 10 миллиард доллар, орто жана узак мөөнөттө 30 миллиард доллар экенин айтты.



Тектеш кабарлар