Түркиянын жогорку технологиялык өнүм экспорту 100 миллиард долларга жакындады
Түркиянын Статистикалык институту (ТҮРКСТАТ) жана 2025-жылдагы Президенттиктин жылдык программасынан алынган маалыматтарга караганда Түркиянын орто жана жогорку технологиялык продукция экспорту 2013-жылы 53,1 миллиард доллар болсо, 2017-жылы 60,1 миллиард
Түркиянын өндүрүш тармагындагы орто жогорку жана жогорку технологиялуу өнүм экспорту 10 жылда 100 миллиард долларга жетти.
Түркиянын Статистикалык институту (ТҮРКСТАТ) жана 2025-жылдагы Президенттиктин жылдык программасынан алынган маалыматтарга караганда Түркиянын орто жана жогорку технологиялык продукция экспорту 2013-жылы 53,1 миллиард доллар болсо, 2017-жылы 60,1 миллиард долларга жетти.
Бул өнүмдөрдүн экспорту 2021-жылы 77,4 миллиард долларга өсүп, 2022-жылы 88,7 миллиард долларга жеткен.
Өткөн жылы орто жана жогорку технологиялуу продукциянын экспорту 97,3 миллиард долларды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь мезгилинде орто жана жогорку технологиялык продукциянын экспорту 73,4 миллиард долларды түздү.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр сөз болгон маалыматтарды баалоодо Түркиянын жогорку технологиялык өнүм экспортунун 10 миллиард долларга жакындаганына көңүл буруп: «Биздин орто жогорку жана жогорку технологиялуу продукциялардын экспорту өткөн жылы рекорд жаратып, 97,3 миллиард долларды түзсө, быйыл 9 айда 73,4 миллиард доллар деңгээлинде. Биз экспортту көбөйтүү үчүн программаларыбызды жана колдообузду чечкиндүүлүк менен улантып жатабыз», - деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.