Түркияга чет элдик инвестициялар көбөйдү
Үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу чет элдик түз инвестициялардын агымы 31,5 пайызга өстү.
2205458
Түркияга чет элдик түз инвестициялар экинчи чейректе жылдык негизде 31,5 пайызга өстү.
Түркияга быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 1 миллиард 460 миллион доллар, экинчи чейрегинде 3 миллиард 59 миллион долларлык чет элдик түз инвестиция кирди.
Үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу чет элдик түз инвестициялардын агымы 31,5 пайызга өстү.
Түркияга өткөн жылдын биринчи чейрегинде 2 миллиард 650 миллион доллар, экинчи чейрегинде 2 миллиард 320 миллион долларлык чет элдик түз инвестиция жасалган.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.