Соода министри Болат: "ЕБ менен сүйлөшүүлөргө даярбыз"
Болат Европа комиссиясынын «Түркия отчетундагы» билдирүүлөргө баа берди.
Соода министри Өмер Болат Европа комиссиясы тарабынан даярдалган 2024-жылга карата «Түркия отчетунда» экономика жана соодага байланыштуу билдирүүлөргө баа берди.
Отчетто Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы карым-катнаштардын өз ара пайданын негизинде бекемделишине шилтеме жасалганын айтып, Бажы биримдигинин алкагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө жылыштар бар экенин баса белгиледи.
Министр Болат, алдыдагы иш-аракетер үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) менен сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Соода министри Болат: «Эң маанилүү соода өнөктөштөрүбүздүн бири болгон Евробиримдик менен соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктардын жоюлушу, өз ара пайданын негизинде жашыл трансформация жана санариптик соода сыяктуу темаларда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жаңы диалог процессинин тең салмактуу түрдө жүргүзүлүшү Евробиримдик менен ташталган эки тараптуу кадамдарга жараша өнүгөт»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.