Түркиянын туризм кирешеси өстү

Түркиянын статистика мекемеси, быйыл июль-сентябрь мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2204780
Түркиянын туризм кирешеси өстү

Түркиянын туризм кирешеси 2023-жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайызга өсүү менен 23 миллиард 219 миллион 751 миң доллар болду.

Түркиянын статистика мекемеси, быйыл июль-сентябрь мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык туризм кирешеси өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 3,9 пайызга өсүү менен 23 миллиард 219 миллион 751 миң долларга жетти.

Туризмден түшкөн кирешенин 14,7 пайызы өлкөгө келген чет өлкөдө жашаган жарандардан алынды.

Туристтердин саны 23 миллион 206 миң 579га жетсе, бир түнгө орточо сарптоо 95 доллар деп белгиленди.

Пакеттик тур сарптоолору 35,1 пайыз менен эң көп үлүшкө ээ болду. Тамак-аш жана эл аралык транспорт сарптоолору 17,9 жана 10,9 пайызды түздү.



Тектеш кабарлар