Орусия Түркиядан сары май импорттой баштады
Билдирүүдө 29-октябрга карата жалпысынан 20 тонналык импорт ишке ашканы белгиленди.
Орусия Түркиядан сары май импорттой баштады.
Орусиянын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мекемеси (Россельхознадзор) орус басма сөзүнө берген билдирүүдө, Түркиядан 27-октябрдан тарта сары май импорту башталганы маалымдалды.
Билдирүүдө 29-октябрга карата жалпысынан 20 тонналык импорт ишке ашканы белгиленди.
Орусиянын Айыл чарба министрлиги, өлкөдө сары майдын кымбатташына байланыштуу бир катар чаралар көрүлөрүн жарыялаган.
Өлкөдөгү азык-түлүк өндүрүүчүлөр менен камсыздоочуларды бириктирген «Орус Биримдигинен» темага байланыштуу ТАСС агенттигине берилген билдирүүдө, сүттүн баасынын, логистика жана таңгактоо чыгымдарынын жогорулашынын майдын баасына терс таасирин тийгизгени айтылган.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.