Кытай менен Евробиримдиктин ортосундагы соода согушу жакындап баратат
Пекин администрациясы кытайлык компаниялардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандыгы жана бул маселе боюнча ДСУнун талаш-тартыштарды чечүү механизмине кайрылгандыгы белгиленген.
Кытай Европа Биримдигинин (ЕБ) импорттук электромобилдерге кошумча бажы тарифтерин киргизгени боюнча Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ) даттанды.
Кытайдын соода министрлигинин билдирүүсүндө, Евробиримдик өткөн жылы баштаган субсидия иликтөөсүнөн кийин сектор мамлекет тарабынан колдоого алынган деген негиз менен Кытай өндүрүшчүлөрүнө киргизилген кошумча бажы тарифтерине байланыштуу кадамдар боюнча макулдашуу болбогону жана булар кабыл алынбаганы айтылды.
Билдирүүдө Пекин администрациясы кытайлык компаниялардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандыгы жана бул маселе боюнча ДСУнун талаш-тартыштарды чечүү механизмине кайрылгандыгы белгиленген.
Билдирүүдө Кытайдын талаш-тартыштарды диалог аркылуу чечүүнү жактаары жана ЕБ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы фазасы жүргүзүлүп жатканы билдирилип: «Европа тарап Кытай менен конструктивдүү түрдө кызматташат деп үмүттөнөбүз. Эки тарап тең кабыл ала турган жана коммерциялык кагылышууларга алып келбей турган чечимге жетишүү мүмкүн»,-деп айтылды.
Евробиримдик комиссиясы кечээги билдирүүсүндө Кытайда өндүрүлгөн электромобилдерге карата субсидия иликтөөсү аяктаганын жана бул өлкөдөн Евробиримдикке 5 жыл бою электр унаа импортуна кошумча бажы төлөмдөрү киргизилгенин жарыялады.
Жаңы жобо менен америкалык электр унаа өндүрүүчүсү Тесланын Кытайда өндүрүлгөн моделдерине 7,8 пайыз, кытай компаниялары BYD 17 пайыз, Geely 18,8 пайыз, тергөө менен кызматташкан өндүрүүчүлөр 20,7 пайыз жана кызматташпаган мамлекетке таандык SAIC Motor жана башка компанияларга 35,3 пайыз өлчөмүндө кошумча салык салынат.
Комиссия тарабынан 2023-жылдын октябрында башталган субсидия иликтөөсүнөн кийин болгон тарифтердин жогорулашы Кытай менен ЕБ ортосунда соода согушун башташы мүмкүн.
Кытай Европадан импорттолгон чочко азыктарын демпингге жана сүт азыктарын субсидиялоого байланыштуу иликтөө баштады.
Пекин администрациясы да Европадан ташылып келген автоунааларга кошумча бажы тарифтерин киргизиши мүмкүн экенин ишара кылууда.
Тектеш кабарлар
Түркия 519,8 миллион долларлык фындык экспорттоду
Экспорттук сезондун сентябрь жана октябрь айлары тууралуу маалымат берилди.