Түркиянын фындык экспорту
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, 9 айда аймактан 86 өлкөгө экспорт жасалды.
Чыгыш Карадеңиз аймагынан жылдын биринчи 9 айындагы фындык экспортунун кирешеси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 53 пайызга өсүп, 1 миллиард 59 миллион 549 миң 188 долларга жетти.
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, 9 айда аймактан 86 өлкөгө экспорт жасалды.
2023-жылдын январь-сентябрь айларында 690 миллион 596 миң 83 доллар болгон фундук экспортунун кирешеси быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 53 пайызга өсүп 1 миллиард 59 миллион 549 миң 188 долларды түздү.
Көлөм жагынан да өткөн жылдын 9 айында 110 миң 101 тонна болгон экспорт быйылкы жылдын ушул мезгилинде 17 пайызга өсүп 128 миң 319 тоннага жетти.
Аймактан эң көп фындык экспоттолгон үч өлкө Германия, Италия жана Польша болду.
Январь-сентябрь айларында Чыгыш Карадеңиз аймагынан Германияга 32 миң 701 тоннага барабар 262 миллион 748 миң 307 долларлык фындык экспорттолду.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде облустан 159 миллион 175 миң 246 долларга 26 миң 388 тонна фундук сатылган.
Ошентип аймактан Германияга фундук экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөм жагынан 24 пайыз, нарк жагынан 65 пайызга өстү.
Германиядан кийин 195 миллион 945 миң 515 доллар менен Италия жана 100 миллион 626 миң 443 доллар менен Польша турат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.