Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк Банктын жылдык жолугушуулары башталды
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо глобалдык каржы лидерлерин чогулткан жолугушуулар 26-октябрга чейин уланат.
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк Банктын жылдык жолугушуулары Жакынкы Чыгышта кагылышуулар күчөгөндүктөн белгисиздик жогору болуп, глобалдык экономикалык өсүш алсыз бойдон калган учурда башталды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо глобалдык каржы лидерлерин чогулткан жолугушуулар 26-октябрга чейин уланат.
Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын уюштурулган жыйындарга көптөгөн өлкөнүн каржы министрлери, борбордук банктын башкаруучулары, жеке сектор жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, академиктер катышат.
АКШда президенттик шайлоолор жакындап, Жакынкы Чыгыш жана Европадагы согуштардын кесепеттеринен улам белгисиздик күчөп турган чакта өткөрүлүүчү жыйындарда дүйнөлүк экономикалык өсүштүн алсыздыгы, карыздын көлөмүнүн өсүшү, климаттын өзгөрүшү жана жасалма интеллект сыяктуу маселелер талкууланат.
Жыйналыштардын алкагында дүйнөлүк экономиканын көз карашын баалоолорду камтыган Дүйнөлүк Экономикалык Көрүнүш отчету, Глобалдык Финансылык Туруктуулук отчету жана Финансылык Мониторинг отчету сыяктуу маанилүү отчеттор жарыяланат.
Эки мекеме өткөргөн Башкы Ассамблея, Өнүктүрүү комитети жана Эл аралык валюта жана каржы комитетинин жыйындарынан тышкары аймактык брифингдер, маалымат жыйындары жана эл аралык өнүгүү, глобалдык экономика жана каржы рынокторуна багытталган көптөгөн форумдар өткөрүлөт.
Ошол эле учурда G-20нын каржы министрлери менен Борбордук банктын башкаруучуларынын жыйыны жылдык жыйындардын чегинде өткөрүлөт.
Жыйындарга Түркиянын атынан казына жана каржы министри Мехмет Шимшек катышат. Шимшекти Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ЦБРТ) төрагасы Фатих Карахан коштойт.
Тектеш кабарлар
Түркиядан Германияга эң жогорку экспорт
Түркиянын Германияга экспортунда өнөр жай продукциялары алдыңкы орунга чыкты.