Түркиядан 114 өлкөгө мөмө жемиш экспорттолду

Мөмө жемиш экспорту быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 13,48 пайызга өстү.

2201018
Түркиядан 114 өлкөгө мөмө жемиш экспорттолду

Түркия жылдын алгачкы 9 айында 114 өлкөгө 1 миллиард 160 миллион долларлык мөмө жемиш экспорттоду.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, өткөн жылдын январь-сентябрь мезгилинде 1 миллиард 21 миллион 628 миң долларлык мөмө жемиш экспорту быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 13,48 пайызга өстү. 

Бул мезгилде эң көп 254 миллион 829 миң доллар менен шабдалы экспорттолду.

Шабдалыдан кийин 210 миллион 254 миң доллар менен алча, 157 миллион 176 миң доллар менен алма, 96 миллион 445 миң доллар менен жүзүм, 85 миллион 450 миң доллар менен анар жана 80 миллион 480 миң доллар менен инжир орун алды.

9 айлык мезгилде Түркиядан эң көп мөмө жемиш экспорту 361 миллион 631 миң доллар менен Орусияга жасалды. Орусиядан кийин 195 миллион 544 миң доллар менен Германия, 147 миллион 698 миң доллар менен Ирак турат. 

Иракка быйылкы мөмө жемиш экспортунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 200 пайызга чейин өсүү катталды.



Тектеш кабарлар