Түркияда турак жай сатуу
Түркия статистика мекемеси, сентябрь айына карата турак жай сатуу көрсөткүчүн жарыялады.
Түркияда сатылган турак жайлардын саны сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 37,3 пайызга өстү.
Түркия статистика мекемеси, сентябрь айына карата турак жай сатуу көрсөткүчүн жарыялады.
Буга ылайык Түркияда сатылган турак жайлардын саны сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 37,3 пайызга өсүп 140 миң 919га көбөйдү.
Январь-сентябрь айларында болсо өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга өсүп 947 миң 236га жетти.
Стамбул сентябрда турак жай сатууда 21 миң 314 менен эң көп үлүшкө ээ облус болду. Бул облустан кийин 13 миң 205 менен борбор шаар Анкара жана 7 миң 612 менен Измир турат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.