Түрк-Араб экономикалык форуму
Форумга Кувейт, Ирак, Египет, Ливия жана Тунистин өкмөт, бизнес жана каржы секторунун өкүлдөрү катышты.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, глобалдык жасалма интеллект төңкөрүшү болуп жатканын билдирди.
15-Түрк-Араб экономикалык форуму Стамбулда башталды.
Форумга Кувейт, Ирак, Египет, Ливия жана Тунистин өкмөт, бизнес жана каржы секторунун өкүлдөрү катышты.
Форумдун алкагында өткөрүлгөн «Түркия жана Араб дүйнөсү: Инвестиция, соода жана Технологияда глобалдык коридор» аттуу панелдин модераторлугун казына жана каржы министри Мехмет Шимшек ишке ашырды.
Глобалдык жасалма интеллект төңкөрүшү болуп жатканына көңүл бурган Мехмет Шимшек: «Натыйжада бир гана өнөр жайда эмес, жашообуздун ар бир чен-өлчөмүндө төңкөрүш болот. Ошондуктан бул төңкөрүштү өткөрүп жибере албайбыз. Калк барган сайын карып баратат. Кагылышуулар жана геосаясий тирешүүлөр да коркунуч жаратууда. Мунун баары дүйнөлүк өсүштү азайтат»,- деди.
Глобалдык экономикадагы белгисиздиктерге көңүл бурган Мехмет Шимшек: «Түрк жана Араб дүйнөсүнүн ортосундагы экономикалык коридорлор өнүктүрүлүшү керек»,-деди.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркия менен Араб дүйнөсүнүн ортосунда абдан пайдалуу кызматташтыктар түзүлүшү мүмкүн экенин айтып, тараптардын көптөгөн тармактарда бири-бирин толуктай турган потенциалга ээ экенин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын фундук экспорту
Түркия бул жылдын 11 айында фундук экспортунан 2,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты.