ЕБ өлкөлөрүнө Түркиянын экспортунун болжол менен 42 пайыздык үлүш...

Түркия экспортчулар биримдигинин(TЭБ) төрагасы Мустафа Гүлтепе, Жалпы соода системасынын (ЖСС) маалыматына караганда, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Түркиянын ЕБ өлкөлөрүнө 80,4 миллиард долларлык экспорт кылганын белгиледи.

2198060
ЕБ өлкөлөрүнө Түркиянын экспортунун болжол менен 42 пайыздык үлүш...

Түркия Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө 80,4 миллиард долларлык экспорт жасады.

Түркия экспортчулар биримдигинин(TЭБ) төрагасы Мустафа Гүлтепе, Жалпы соода системасынын (ЖСС) маалыматына караганда, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Түркиянын ЕБ өлкөлөрүнө 3,1 пайыздык өсүү менен 80,4 миллиард долларлык экспорт кылганын белгиледи.

Гүлтепе: «Ошентип, 9 айлык мөөнөттө Евробиримдиктин экспортубуздагы үлүшү 41,7 пайызды түздү»,-деди.

Мустафа Гүлтепе өз баалоосунда Германиянын Европа Биримдигине экспортто биринчи орунда экенин белгилеп:«Германияга экспортубуз 15,3 миллиард долларды түздү. Германиядан кийин 9,4 миллиард доллар менен Италия, 7,4 миллиард доллар менен Испания, 7,2 миллиард доллар менен Франция жана 6,4 миллиард доллар менен Нидерландия турат»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар