Түркия 116 өлкөгө чай сатты
Бул экспорттон 18 миллион 23 миң 919 долларлык киреше түштү.
Түркия жылдын 9 айында 116 өлкөгө чай экспорттоп 18 миллион доллардан ашык киреше тапты.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, Түркиядан 9 айда 3 миң 642 тонна чай экспорттолду.
Бул экспорттон 18 миллион 23 миң 919 долларлык киреше түштү.
Бельгия, Улуу Британия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Германия жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) чайдын экспортунан эң көп киреше түшкөн 5 өлкө болду.
Жылдын 9 айлык мезгилинде Бельгияга 6 миллион 105 миң 169, Улуу Британияга 2 миллион 766 миң 299, Түндүк Кипр Түрк Республикасына 1 миллион 338 миң 382, Германияга 1 миллион 318 миң 268 жана 1 миллион 246 миң 456 долларга чай сатылды.
2023-жылдан айырмаланып бул мезгилде Мавритания, Тунис, Египет, Куба, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Намибия, Колумбия, Камбоджа жана Словения баш болгон 17 өлкөгө чай жөнөтүлдү.
Тектеш кабарлар
Түркия 519,8 миллион долларлык фындык экспорттоду
Экспорттук сезондун сентябрь жана октябрь айлары тууралуу маалымат берилди.
Түркиянын унаа экспортунда жаңы рекорд
Автоунаа өнөр жайында эң көп экспорт 4 миллиард доллар менен Германияга жасалды.