Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөөдө
Түркия статистика мекемеси, август айынын жумуш күчү статистикасын жарыялады.
2196916
Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөөнү улантууда.
Түркия статистика мекемеси, август айынын жумуш күчү статистикасын жарыялады.
Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү август айында мурунку айга салыштырмалуу 0,3 пунтка азайып 8,5 пайыз болду. Бул мезгилде жумушсуздардын саны 3 миллион 55 миң адамды түздү.
Иш менен камсыз болгондордун саны 2024-жылдын август айында мурунку айга салыштырмалуу 78 миң кишиге көбөйүп 32 миллион 776 миң кишиге, жумуштуулук көрсөткүчү болсо 0,1 пунтка өсүп 49,7 пайызга жетти.
Тектеш кабарлар
Соода министри Болат: "ЕБ менен сүйлөшүүлөргө даярбыз"
Болат Европа комиссиясынын «Түркия отчетундагы» билдирүүлөргө баа берди.