Шимшек Катар жана Кувейтке барат
Шимшек программасынын алкагында бүгүн Катарда жолугушууларды өткөрөт.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек расмий сапар менен Катар жана Кувейтке барат.
Министрликтен алынган маалыматка караганда, Шимшек программасынын алкагында бүгүн Катарда жолугушууларды өткөрөт.
Министр Шимшек борбор шаар Дохада алгач Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен жолугушат.
Андан соң каржы министри Али бин Ахмед аль-Кевари жана Катар инвестициялык мекемесинин (QIA) башкы жетекчиси (CEO) Мансур бин Ибрахим ал-Махмуд менен жолугушуусу күтүлүп жаткан Шимшек, «Invest in Түркийе» программасынын алкагында инвесторлор менен жолугушуу өткөрөт.
Дохадагы жолугушууларынан кийин Кувейтке бара турган Мехмет Шимшек, ал жерде каржы министри жана экономика-инвестициялар боюнча мамлекеттик министри Нура Сүлейман ал-Фассам, ошондой эле Кувейттин инвестициялык башкармалыгынын жетекчиси Ганим Сулейман аль-Гунайман менен жолугушат.
Министр Шимшек Кувейтте өткөрүлө турган инвестордук жыйындан кийин өлкөгө кайтып келет.
Тектеш кабарлар
Түркиядан Германияга эң жогорку экспорт
Түркиянын Германияга экспортунда өнөр жай продукциялары алдыңкы орунга чыкты.