8 айда 11 өлкөгө бал экспорттолду

Сафет Калёнжу 8 айда аймактан 336 тонна бал экспорттолгондугун айтты.

2185033
8 айда 11 өлкөгө бал экспорттолду

Чыгыш Кара деңиз аймагынан январь-август айларынын аралыгында АКШ баш болгон 11 өлкөгө бал сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу 8 айда аймактан 336 тонна бал экспорттолгондугун айтты.

Экспорттон 1 миллион 415 миң 656 долларлык киреше түшкөнүн баса белгилеген Калёнжу: «АКШ 665 миң 390 доллар менен биринчи орунда. АКШдан кийин 376 миң 367 доллар менен Германия жана 154 миң 53 доллар менен Сауд Арабия турат. Аталган мезгилде аймактан Бириккен Араб Эмираттары, Ливия, Катар, Оман, Бельгияга Азербайжан, Бангладеш, Улуу Британияга да бал сатылды»,-деди.



Тектеш кабарлар