Түркиянын август айындагы экспорту
Түркиянын экспорту август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга өсүп 22,1 миллиард долларга жетти.
Түркия август айында Бириккен Араб Эмирликтерине 767,6 миллион долларлык экспорт жасады.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, Түркиянын экспорту август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга өсүп 22,1 миллиард долларга жетти, ал эми экспорт эң көп өскөн өлкөлөрдүн тизмесинде Бириккен Араб Эмирликтери биринчи орунду ээледи.
Түркиянын бул өлкөгө экспорту август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу болжол менен 415 миллион долларга көбөйдү.
Экспорттун өсүүсүндө Бириккен Араб Эмирликтеринен кийин 138,8 миллион доллар менен Румыния, 126,3 миллион доллар менен Улуу Британия, 124 миллион доллар менен Словения жана 117,8 миллион доллар менен Палестина турат.
Өткөн айда Бириккен Араб Эмирликтерине 767,6 миллион доллар, Румынияга 649,8 миллион доллар, Улуу Британияга 1,1 миллиард доллар, Словенияга 224,9 миллион доллар жана Палестина мамлекетине болжол менен 128 миллион долларлык экспорт жасалды.
Аталган мезгилде Түркия эң көп экспорт кылган өлкөлөр Германия, АКШ, Улуу Британия, Ирак, Италия жана Бириккен Араб Эмираттары болду.
Август айында Германияга болжол менен 1,5 миллиард доллар, АКШ жана Улуу Британияга 1,1 миллиард доллар, Иракка 927,2 миллион доллар жана Италияга 802,5 миллион долларлык экспорт ишке ашты.
Тектеш кабарлар
Кападокияга 3 миллион 846 миң 703 киши кыдырды
Өткөн жылдын 10 айында аймакка 4 миллион 256 миң 129 турист келген.
Түркиядан Сербияга экспорт
Өлкөгө экспорт октябрда да 32,8 пайызга өсүп, 162,9 миллион долларга жетти.