Түрк экономикасынын 3 жылдык жол картасы жарыяланды

Йылмаз борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте 2025-2027-жылдарды камтыган Орто мөөнөттүү программаны жарыялады.

2183665
Түрк экономикасынын 3 жылдык жол картасы жарыяланды

Вице-президент Жевдет Йылмаз: «Орто мөөнөттүү программанын максаты – инфляцияны бир орундуу санга түшүрүү, инвестицияны, жумуштуулукту, өндүрүштү жана экспортту көбөйтүү, кирешени коомчулуктун бардык катмарына адилеттүү бөлүштүрүү»,- деди.

Йылмаз борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте 2025-2027-жылдарды камтыган Орто мөөнөттүү программаны жарыялады.

«Инфляциянын акырындык менен бир орундуу санга түшүүсүн көздөп жатабыз», деген вице-президент Йылмаз быйылкы өсүү максатынын 3,5 пайыз экенин айтты.

Йылмаз өсүү жолунун дезинфляция процессине туура келгенин белгиледи.

Жевдет Йылмаз: «Жаңы Орто мөөнөттүү программа мезгили Түркиянын экономикалык түзүлүшүн күчтөндүрүү жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн таштала турган маанилүү кадамдарды камтыйт»,-деди.

Вице-президент Йылмаз:  «Аймагыбызда чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу 2024-жылы өсүүнүн 3,5 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Өсүү темпин 2025-жылы 4 пайызга, 2026 жана 2027-жылдары 4,5 жана 5 пайызга жеткирүү пландалууда. Орто мөөнөттүү программа мезгилинде 2,3 миллион кошумча жумуш орундарынын түзүлүүсү көздөлүүдө. Бул максат биздин өсүү потенциалыбызды жогорулатат жана акырындык менен жумушсуздукту азайтат», - деди.

Йылмаз: «Экспортубуздун жыл аягына чейин 264 миллиард доллар жана мезгилдин аягында болсо 320 миллиард долларга жакындашын көздөп жатабыз. Жылдын акырына карата импортубуздун да 345 миллиард доллардан Орто мөөнөттүү программа мезгилинин аягында 417 миллиард долларга өсүшүн күтөбүз»,- деди.

Йылмаз 2024-жыл үчүн инфляциянын 41,5 пайызга төмөндөшүнүн күтүлгөнүн, 2025-жылдагы максаттын 17,5 пайызга ревизияланганын айтты.



Тектеш кабарлар