Экспорт жаатындагы рекорддор

Соода министри Болат Стамбулда август айынын соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2182365
Экспорт жаатындагы рекорддор

Соода министри Өмер Болат, Республика тарыхындагы эң жогорку август айынын экспорт көрсөткүчүнө жеткендерин билдирди.

Экспортто рекорддор уланууда.

Соода министри Болат Стамбулда август айынын соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Болат Түркиянын экспорту өткөн айда 2,4 пайызга өсүп 22 миллиард 100 миллион долларга жеткенин жана Республика тарыхындагы эң жогорку август айынын экспорту катары катталганын айтты.

Экспорттун август айындагы рекорд менен кошо акыркы 13 айдын 9унда айлык рекорддорду жаңыртканын эске салган Болат, жылдык экспорттун да рекорддорду койгонун баса белгилеп: "Республика тарыхыбыздагы эң жогорку жылдык товар экспорту да август айында ишке ашты. Экспорт август айынын акырына карата 262 миллиард долларга өстү./.../ 262 миллиард доллар жылдык товар экспорту дегенди билдирет, акыркы бир жылда экспортубуз 3,5 пайызга өстү», - деди.



Тектеш кабарлар