Түркиянын экономикасы өсүүдө
Түркия Статистика мекемеси, жылдын экинчи чейрегине карата (апрель-июнь мезгили) ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.
Түркиянын экономикасы 16 чейректен бери тынымсыз өсүүдө.
Жылдын экинчи чейрегинде өсүү темпи 2,5 пайызды түздү.
Түркия Статистика мекемеси, жылдын экинчи чейрегине карата (апрель-июнь мезгили) ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.
Буга ылайык экономика, өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 2,5 пайызга өстү.
Берки тейлөө тармагында 7,4 пайыз, курулушта 6,5 пайыз, айыл чарба секторунда жана кыймылсыз мүлк тармагында 3,7 пайыздык өсүш катталды.
Ушундайча Түркиянын экономикасы Ковид-19 пандемиясына каршы чаралар ишке ашырылган 2020-жылдын экинчи чейрегинен кийин 16 чейрек катары менен өстү.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, ишке ашырылган саясаттардын экономиканы күчтөндүргөнүн айтты.
Өсүштүн турукташа баштаганына көңүл бурган Шимшек: «Учурдагы эсеп таңсыктыгы кыскарды, тобокел премиум азайды, резервдер жакшырды жана инфляция процессине кирдик»,-деди.