Түркия тейлөө экспортунун өсүшү боюнча G20 өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат

Соода министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюмунун (OECD) 2024-жылдын экинчи чейрегинин Эл аралык соода статистикасы отчетунун жарыяланганы эске салынды.

2181878
Түркия тейлөө экспортунун өсүшү боюнча G20 өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат

Түркия бул жылдын экинчи чейрегинде өткөн чейрекке салыштырмалуу тейлөө экспортунун өсүшү боюнча Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду алды.

Соода министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюмунун (OECD) 2024-жылдын экинчи чейрегинин Эл аралык соода статистикасы отчетунун жарыяланганы эске салынды.

OECD отчетуна ылайык, G20 өлкөлөрүнүн товар экспортунун өсүү темпи 2024-жылдын экинчи чейрегинде биринчи чейрегине салыштырмалуу туруктуу бойдон калса, тейлөө экспорту товарлар экспортунан айырмаланып, ошол эле мезгилде өсүүнү улантты.

Түркия 2024-жылдын экинчи чейрегинде мурунку чейрекке салыштырмалуу тейлөө экспортунун өсүү ылдамдыгы боюнча Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээлесе, бул өлкөлөрдүн арасында тейлөө импортунун өсүү ылдамдыгы эң көп азайган өлкө болуп саналаары маалымдалган.



Тектеш кабарлар