Түркиянын экспортунда өсүш

Түркиянын статистикалык мекемеси (TUIK) тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2180716
Түркиянын экспортунда өсүш

Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,8 пайызга өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси (TUIK) тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык экспорт 2024-жылдын июль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,8 пайызга өсүп 22 миллиард 510 миллион долларга жетти.

Экспорт 2024-жылдын январь-июль мезгилинде да өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,1 пайызга өсүп 148 миллиард 738 миллион долларды түздү.

Июль айында экспортто Германия биринчи орунду ээледи.

Германияга экспорт 1 миллиард 752 миллион доллар болду. Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 604 миллион доллар менен Улуу Британия, 1 миллиард 441 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 1 миллиард 59 миллион доллар менен Ирак, 1 миллиард 29 миллион доллар менен Италия турат.



Тектеш кабарлар