Чыгыш Кара деңиз аймагынан 25 өлкөгө суу азыктары экспорттолду
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Сафет Калёнжу, 7 айда аймактан 19 миң 339 тонна суу продукциясы экспорттолгондугун айтты.
Чыгыш Кара деңизден январь-июль мезгилинде Орусия Федерациясы баш болгон 25 өлкөгө суу азыктары экспорттолду.
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Сафет Калёнжу, 7 айда аймактан 19 миң 339 тонна суу продукциясы экспорттолгондугун айтты.
Аталган сатуудан 105 миллион 219 миң 863 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Калёнжу: «Биринчи орунду 66 миллион 503 миң 75 доллар менен Орусия Федерациясы алды. Орусия Федерациясынан кийин 11 миллион 465 миң 508 доллар менен Беларусь, 10 миллион 27 миң 709 доллар менен Вьетнам турат. Аймактан өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Украина, Дания, Египет, Кения, Филиппин, Испания жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына да суу азыктары сатылды»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөөдө
Түркия статистика мекемеси, август айынын жумуш күчү статистикасын жарыялады.