Fitch Израилдин кредиттик рейтингин төмөндөттү

Fitchтин билдирүүсүндө, Израилдин кредиттик рейтингинин «А+» дан «А» га түшүрүлгөнү, көз карашынын болсо терс болгону белгиленди.

2174668
Fitch Израилдин кредиттик рейтингин төмөндөттү

Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratings, Газада уланып жаткан согуштан улам Израилдин кредиттик рейтингин "А+"дан "А"га түшүрдү.

Fitchтин билдирүүсүндө, Израилдин кредиттик рейтингинин «А+» дан «А» га түшүрүлгөнү, көз карашынын болсо терс болгону белгиленди.

Рейтингдин төмөндөшүнүн Газадагы согуштун уланышын, геосаясий тобокелдиктердин көбөйүшүн жана аскерий операциялардын бир нече фронтто тийгизген таасирин чагылдырганы айтылган билдирүүдө, Израилдин мамлекеттик каржысына сокку урулганына көңүл бурулду.

Билдирүүдө быйыл Израилдин ички дүң продукциясынын (ИДП) 7,8 пайыздык бюджет тартыштыгына ээ болоору жана карызынын орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын 70 пайызынан жогору болушу күтүлүп жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар