Түркиянын зергерчилик өнөр жайынын экспорт кирешеси

Чет өлкөдө өткөрүлгөн жарманкелерге чыгып рынок түрдүүлүгүн арттырган Түркиянын зергерчилик өнөр жайы экспортун көбөйтүүнү улантууда.

2174357
Түркиянын зергерчилик өнөр жайынын экспорт кирешеси

Түркиянын зергерчилик өнөр жайынын экспорт кирешеси июль айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эки эсеге жакын өсүү менен 948,4 миллион долларга жетти.

Чет өлкөдө өткөрүлгөн жарманкелерге чыгып рынок түрдүүлүгүн арттырган Түркиянын зергерчилик өнөр жайы экспортун көбөйтүүнү улантууда.

Өлкөдө өткөрүлгөн зер буюмдарынын жарманкелери да бул буюмдарга чет өлкөдөн суроо-талаптын өсүшүнө салым кошууда.

Түркиянын зер буюмдарынын экспорт кирешеси июль айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 90,9 пайызга өсүп, 496,8 миллион доллардан 948,4 миллион долларга жогорулады. Ушудайча зергерчилик өнөр жайынын экспорттук кирешеси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу болжол менен эки эсеге өстү.

Өткөн айда зергерчилик өнөр жайынын жалпы экспорттук кирешедеги үлүшү 4,2 пайызды түздү.

Зергерчилик тармагында эң көп экспорт 508,7 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмираттарына жасалса, бул өлкөдөн кийин 50,4 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 43,4 миллион доллар менен Ирак, 37,7 миллион доллар менен Ливия, 37,6 миллион доллар менен Гонконг турат.



Тектеш кабарлар