Түркиянын бут кийим экспорту
Түркия өткөн жылы 1,2 миллиард долларлык бут кийим экспорттогон.
Түркиянын бут кийим экспорту быйылкы жылдын 6 айында 588,7 миллион доллар болду.
Бул мезгилде эң көп экспорт 76,8 миллион доллар менен Сауд Арабияга жасалды. Бул өлкөдөн кийин 48,3 миллион доллар менен Ирак, 39,2 миллион доллар менен Германия, 26,3 миллион доллар менен Орусия жана 23,6 миллион доллар менен Италия турат.
Түркия өткөн жылы 1,2 миллиард долларлык бут кийим экспорттогон.
Аталган мезгилде эң көп экспорт 139,1 миллион доллар менен Орусияга жасалган. Бул өлкөдөн кийин 92,1 миллион доллар менен Германия, 74 миллион доллар менен Ирак, 46,8 миллион доллар менен Италия жана 40,5 миллион доллар менен Улуу Британия орун алды.
Дүйнөнүн эң чоң 6-өндүрүүчүсү болгон түрк бут кийим өнөр жайы 2030-жылы 6,8 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүнү максат кылууда.
Тектеш кабарлар
Түркияда жумушсуздуктун азайышы уланууда
Түркиянын Статистика мекемеси 2024-жылдын июль айына карата жумуш күчү статистикасын жарыялады.