Түркиядан 116 өлкөгө зайтун экспорту
Эгей экспортчулар бирикмелеринин (EİB) билдирүүсүнө караганда Түркияда өткөн жылдын октябрь айында башталган зайтун экспорту сезонунда дасторкон зайтуну экспорту 15 пайызга өсүп 175 миллион долларга жетти.
Түркиядан 116 өлкөгө 175 миллион долларлык дасторкон зайтуну экспорттолду.
Эгей экспортчулар бирикмелеринин (EİB) билдирүүсүнө караганда Түркияда өткөн жылдын октябрь айында башталган зайтун экспорту сезонунда дасторкон зайтуну экспорту 15 пайызга өсүп 175 миллион долларга жетти.
Эгей зайтун жана зайтун майын экспорттоочулар бирикмесинин төрага орун басары Давут Эр дасторкон зайтуну экспортунда сезондун аягына 2 ай калганын билдирди.
Бул процессте 200 миллион доллардан ашууну максат кылгандарын белгилеген Эр:«Түркияда 85 миллион адамдын муктаждыгын камсыздап, 116 өлкөгө 65 миң 325 тонна экспорттодук. 2024-2025-жыл сезонунда экспортто 100 миң тоннага жетүүнү максат кылуудабыз»,-деди.
Германия 43,1 миллион долларлык талап менен зайтун экспортунда биринчи орунда турат.