Дүйнөдөгү ар бир 20 аба жүгүн ташуунун бирин Turkish Cargo аткарат

Дүйнөнүн эң көп өлкөсүнө учкан жана жыл сайын эң көп өскөн аба жүк ташуучу фирма наамына ээ болгон компания 2033-жылы сектордун эң чоңу болууну максат кылууда.

2171067
Дүйнөдөгү ар бир 20 аба жүгүн ташуунун бирин Turkish Cargo аткарат

Түрк аба жолдорунун (THY) абада жүк ташуучу бренди Turkish Cargo, 2023-жылдын августунан бери аба жүгүн ташууларында Америка, Европа жана Ыраакы Чыгыштын эң чоң бренддерин артка калтырып, алдыңкы үч аба жүк ташуучусунун бири болду.

Дүйнөнүн эң көп өлкөсүнө учкан жана жыл сайын эң көп өскөн аба жүк ташуучу фирма наамына ээ болгон компания 2033-жылы сектордун эң чоңу болууну максат кылууда.

THY башкы директорунун орун басары Али Түрк, 2023-жылды 5,2 пайыздык базар үлүшү менен дүйнөлүк аба жүк тармагы боюнча төртүнчү орунда бүтүргөндөрүн, 2023-жылдын август айынан баштап алдыңкы аба жүк ташуучуларынын арасында үчүнчү орунга көтөрүлгөндөрүн айтты.

Түрк:«Биз бул позицияны 2024-жылы да сактайбыз. Бул жылдын биринчи жарымында дүйнөлүк рынок үлүшүбүздү (FTK) 5,8 пайызга жогорулаттык жана май айында 6 пайыз менен Turkish Cargo тарыхындагы эң жогорку базар үлүшүнө жеттик.

Бул жөнөкөй эсеп менен айтканда биз ар бир 20 аба жүктүн бирин ташыйбыз дегенди билдирет. Биз күчтүү инфраструктурабыз, операциялык мүмкүнчүлүктөрүбүз, кеңири учуу тармагы жана дүйнөдөгү эң өнүккөн жүк ташуу объектилеринин бири болгон SMARTIST менен глобалдык атаандаштыктын алдыңкы оюнчуларынын бирибиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар