Анталья аэропорту июнь айында 5 миллиондон ашуун кишини тейледи

Июнь айында Анталья аэропортуна конуп  - учуу   ички каттамдарда 4 миң 212, эл аралык каттамдарда 25 миң 409га жетип, жалпы каттам саны 29 миң  621ге жетти.

2160979
Анталья аэропорту  июнь айында 5 миллиондон ашуун кишини тейледи

Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын  маалыматына караганда, июнь айында Анталья аэропортунда ички жүргүнчү ташуу 591 миң 597, эл аралык жүргүнчү ташуу 4 миллион 496 миң 149 болду. Ушундайча июнь айында жалпысынан 5 миллион 87 миң 746 жүргүнчү тейленди.

Июнь айында Анталья аэропортуна конуп  - учуу   ички каттамдарда 4 миң 212, эл аралык каттамдарда 25 миң 409га жетип, жалпы каттам саны 29 миң  621ге жетти. 

Июнь айында жүк, почта жана багаж сыяктуу жүк ташуу жалпысынан 57 миң 827 тонна болду.

Жылдын биринчи 6 айында Анталья аэропортундагы жүргүнчү ташуу  14 миллион  949 миң  800, учак каттамы  93  миң  913, жүк ташуу  173  миң  147 тонна болуп ишке ашты. 

 



Тектеш кабарлар