Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги соода диалогу...

Соода министрлигинен берилген маалыматка караганда расмий делегациялар жана жеке сектор өкүлдөрү катыша турган жыйындарга министр Өмер Болат жана Европа комиссиясынын төрага орун басары Валдис Домбровскис жетекчилик кылат.

2160286
Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги соода диалогу...

Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы Жогорку деңгээлдеги соода диалогунун биринчи жыйыны бүгүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлөт.

Соода министрлигинен берилген маалыматка караганда расмий делегациялар жана жеке сектор өкүлдөрү катыша турган жыйындарга министр Өмер Болат жана Европа комиссиясынын төрага орун басары Валдис Домбровскис жетекчилик кылат.

Жолугушууларда эки тараптуу сооданы көбөйтүү, Бажы биримдигин кеңейтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого умтулуу, жашыл трансформацияга көнүү аракеттери, ЕБ өлкөлөрүнүн Түркия Республикасынын жарандарына киргизген виза талабынан келип чыккан көйгөйлөрдү жоюу жана кургактагы транспорт сектору үчүн өлкөлөрдүн квоталарынын жетишсиздиги сыяктуу темалар каралат.



Тектеш кабарлар