Түркиядан 11 айда 479,9 миллион долларлык фундук экспорттолду

Бул мезгилде Ливан, Түндүк Македония, Коста-Рика жана Болгарияга да фундук сатылгды.

2076219
Түркиядан 11 айда 479,9 миллион долларлык фундук экспорттолду

Трабзон жылдын биринчи 11 айында фундук экспортунан 479 миллион 942 миң 676 долларлык киреше тапты.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин Фундук жана фундук азыктары сектор комитетинин төрагасы Мехмет Жирав, жылдын биринчи 11 айында шаардан 75 миң 743 тонна фундук экспорттолгондугун айтты.

Аталган экспорттон 479 миллион 942 миң 676 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Жирав, бул мезгилде 58 өлкөгө фундук экспорттолгонун белгиледи.

Жирав Италия, Германия жана Польшанын эң көп фундук экспорттолгон үч өлкө экенин, бул мезгилде Ливан, Түндүк Македония, Коста-Рика жана Болгарияга да фундук сатылганын билдирди.


Этикеткалар: #фундук экспортунан

Тектеш кабарлар