Кушадасына гигант круиздик кеме келди

Нидерландиянын желеги тагылган «Nieuw Statendam» аттуу круиздик кемеси Кушадасы Эгей портуна токтоду.

2041487
Кушадасына гигант круиздик кеме келди

Круиз туризминин маанилүү борборлорунун бири болгон Айдындын Кушадасы районуна гигант круиздик кемеси менен 2600 турист келди.

Нидерландиянын желеги тагылган «Nieuw Statendam» аттуу круиздик кемеси Кушадасы Эгей портуна токтоду.

Кемеден көбү АКШ менен Англиянын жарандары болгон 2600 турист түштү.

Туристтердин бир бөлүгү Бүбү Мариям үйүн зыярат кылуу жана Измирдин Селчук районундагы Эфес байыркы шаарын кыдыруу үчүн тур автобустары менен порттон чыгышты.

Экскурсияларга катышпаган туристтер шаардын борборун кыдырып, соода кылганды жактырышты.



Тектеш кабарлар