Диананын жемпири аукциондо 1,1 миллион долларга сатылды

Март айында чатырдан табылган жемпир, акыркы жылдарда аукциондо сатылган Принцесса Дианага тиешелүү көптөгөн буюмдарга караганда кымбатыраак болду.

2037834
Диананын жемпири аукциондо 1,1 миллион долларга сатылды

Ханбийке Диананын белгилүү жемпири аукциондо 1 миллион 140 миң долларга (30 миллион 721 миң лира) сатылды.

Принцесса Диананын ак койлордун арасында жалгыз кара койду чагылдырган атактуу жемпири 31-августта АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Sotheby's аукцион үйү тарабынан 50 миң доллардан 80 миң долларга чейинки сатуу баасы менен аукционго коюлуп 1,14 миллион долларга сатылды.

Сунуштар онлайн режиминде берилген аукциондун жеңүүчүсү ачыкталган жок.

Март айында чатырдан табылган жемпир, акыркы жылдарда аукциондо сатылган принцесса Дианага тиешелүү көптөгөн буюмдарга караганда кымбатыраак болду.

Принцесса Диана бул жемпирди 1981-жылы июнь айында, ошол кездеги Уэльстин ханзаадасы Чарльзга турмушка чыгаардан бир нече жума мурун поло мелдешине кийген.

Жемпирдин дизайны Диананын королдук үй-бүлөдөгү ордунун символу катары сүрөттөлгөн.

Англиянын азыркы королу Карл III менен 1996-жылы ажырашкан принцесса Диана кийинки жылы 36 жашында Франциянын борбору Парижде жол кырсыгынан каза тапкан.


Этикеткалар: #Диананын королдук

Тектеш кабарлар