«Crown Iris» круиздик кемеси Мармариске келди

Районго экинчи жолу келген кеменин кийинки аялдамасы Алания порту болот.

1996124
«Crown Iris» круиздик кемеси Мармариске келди

Панама желектүү «Crown Iris» круиздик кемеси 1580 израилдик туристти Мугланын Мармарис районуна алып келди.

Эртең мененки сааттарда Мармарис булуңуна кирген 207 метр узундуктагы кеме Родос портуна баргандан кийин Мармарис Круиз портунун чоң пристанына токтоду. Кемеде 1580 израилдик жүргүнчү жана 630 кызматкердин бар экендиги белгиленди.

Бажы процедураларынан кийин кемеден түшкөн туристтер Мармарис базарын, Калеичи  жана маринаны кыдырышты.

Тарыхый жана туристтик жерлерди да зыярат кылган туристтердин бир бөлүгү Далян Каунос туруна чыгышты.

Районго экинчи жолу келген кеменин кийинки аялдамасы Алания порту болот.



Тектеш кабарлар