Түркияга келген туристтердин саны өстү
Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында Орусия биринчи орунда турат.

Түркия 2023-жылдын алгачкы 4 айында 11 миллион 93 миң 247 туристти кабыл алды.
Чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,51 пайызга өсүп 9 миллион 533 миң 933тү түздү.
2023-жылдын алгачкы 4 айында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында Орусия биринчи орунда турат.
Орусиядан келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 134 пайызга өсүп 1 миллион 153 миңге жетти.
Орусиядан кийин 966 миң турист менен Германия ээледи. Ал эми 797 миң 956 турист менен Болгария үчүнчү орунду алды.
Болгариядан кийин Иран жана Англия бар.
Түркия апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 29 пайыздык өсүү менен 3 миллион 321 миң 824 чет элдик туристти кабыл алды.
Апрель айында Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөр Германия, Орусия жана Англия болду.
Тектеш кабарлар

Түрк үйүндөгү инвестициялык кабыл алуу
Түрк үйүндө өткөрүлгөн иш-чарага түрк жана америкалык жетекчилер, инвесторлор жана ишкерлер катышты.